Кыргызстандын бардык мечиттеринде казак элинин тынчтыгы үчүн дуба кылынды

7-январь күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде боордош казак элинин тынчтыгы жана ынтымагы үчүн дуба кылынды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, улуу жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде динибиз, тилибиз, салтыбыз, үрп-адатыбыз бир болгон боордош, бир тууган казак элине Жараткандан тынчтыкты, ынтымакты, даанышмандыкты, биримдүүлүктү жана стабилдүүлүктү тилеп, дуба кылынды.

"Урматтуу мусулман бир туугандар! Бүгүн ыйык жума күнү жалпыбыз боордош казак эли үчүн дуба кылалы! Себеби, сүйүктүү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун) "Дуба мусулмандын куралы",- деп айткан! Бир мусулмандын башындагы кайгы, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. "Коңшунун кайыңы сынса, менин кабыргам сынгандай болот",- деп даанышман элибиз айткандай динибиз, салтыбыз, үрп-адатыбыз бир болгон казак элине сабырдуулукту, акылмандыкты тилейбиз. Урматтуу казак эли, бир туугандар! "Кайгы эң биринчи башка келгендеги сабырдуулук, чыныгы сабырдуулук",-деп динибизде айтылгандай бул кырдаалдан сабырдуу болуп, ачуулукка алдырбай, бир пикирге келип, даанышмандык менен туруктуулукка бет алат деген терең ишеничтебиз",-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД