Назарбаев табылды! Аны менен Лукашенко сүйлөшкөн

Казакстандагы каршылык акциялары башталгандан бери биринчи жолу Казакстандын экс-президенти тууралуу маалымат чыкты.

Белорусиянын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Лукашенко менен Назарбаев кечээ, 7-январда телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

"Сүйлөшүү учурунда Казакстандагы абалды талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кайда экендиги, анын тагдыры кандай чечилгени тууралуу дагы деле маалымат жок.

6-январда анын үй-бүлөсүнө тиешелүү жеке учактын Бишкекке конгону тууралуу маалымат пайда болгон менен, аны расмий түрдө эч ким тактаган жок.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД