
Казакстандын Алматы облусунда кармалгандардын арасында чет элдиктер да бар. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө болгон тополоңго байланыштуу 4200дөн ашуун адам кармалган. Алардын арасында чет элдиктер да бар. Азырынча алардын кайсы мамлекеттин жарандары экени айтыла элек.
"4 миң 266 адам милицияга жеткирилген. Кармалгандардын арасында чет элдик жарандар да бар. Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашуун адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар коңшу мамлекеттин жарандары", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.