Бишкекте кайра шайлоого 20 талапкерден арыз түштү

2022-жылдын 8-январынын саат 13:00гө карата, БШКга 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 20 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

№ 27 Биринчи май округу боюнча талапкерлер:

- Сартаев Анвар Айдарович;

- Токтакунов Нурбек Акбарович;

- Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

- Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;

- Аматов Рысбай Аматович;

- Акылбеков Русланбек Акылбекович;

- Гапаров Адылбек Абдикаримович;

- Момбеков Рыскелди Чыныбекович.

№ 29 Свердлов округу боюнча талапкерлер:

- Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

- Жолдошова Назгүл Амантуровна;

- Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

- Алмамбетова Гуля Идиновна;

- Бейшенбаев Эдил Нурбекович;

- Султанбеков Муратбек Кенешбекович;

- Атазов Шайлообек Карыбекович;

-Карамушкина Ирина Юрьевна;

-Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;

-Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

-Алканова Элнура Сайдиракмановна;

-Бакиров Бакыт Жеентаевич.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД