Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Масимов кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери 6-январда башталган.

Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип, УККнын мурдагы төрагасы К.К.Масимов жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД