
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн билдирди.
Бүгүн, 8-январда саат 11:30га карата төмөнкү көзөмөл-өткөрүү жайлары иштеп жатат:
"Чалдыбар-унаа жолу" (Кыргызстан) / "Сыпатай Баатыр-унаа жолу" (Казакстан) көзөмөл-өткөрүү жайларында төмөндөгүдөй чектөө бар:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагындагы кыргыз жарандары Кыргызстанга кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн казак жарандары Казакстанга чыгып кете алышат;
– оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына чектөөсүз кире алышат.
"Ак-Жол-авто жол" (Кыргызстан) / "Кордай-авто жол" (Казакстан) көзөмөл-өткөрүү жайларында төмөндөгүдөй чектөө бар:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн казак жарандары Казакстанга чыкса болот. Жарандар чек арадан жөө гана өтө алышат.
"Ак-Тилек-авто жол" (Кыргызстан) / "Карасу-авто жол" (Казакстан) көзөмөл-өткөрүү жайларында төмөндөгүдөй чектөө бар:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына чыга алышат;
– Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга кире алышат;
– Казакстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн казак жарандары Казакстанга кете алышат.
Талас облусундагы "Чоң-Капка-авто жол" (Кыргызстан) / "Айша-Биби-авто жол" (Казакстан) көзөмөл-өткөрүү пунктарында төмөндөгүдөй чектөө бар:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;
– Казакстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн казак жарандары Казакстанга кете алышат.
"Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл- өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок", – деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматы.