
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.
Анын айтымында, Назарбаев Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп жатат.
"Ошондой эле консультациялык жолугушууларды өткөрүп, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө", – деп жазды Айдос Укибай.