Казакстанда 10-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы жарыялады.

"Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарында болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көптөгөн адам курмандыктарына байланыштуу ушул жылдын 10-январын Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алды" , - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД