Казакстанда башаламандык боюнча 5 миң 135 адам кармалды

Казакстанда болгон башаламандык фактысы боюнча 5135 адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

8-январга карата укук коргоо органы буга чейин 4200дөн ашуун адам кармалганын билдирген. Алардын арасында коңшу мамлекеттин жарандары бар экени такталды. Бирок кайсы өлкөдөн экени азырынча айтыла элек.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД