Казак крим төбөлү Арман Жумагелдиевдин аялы кыргыз модели Айкөл Аликжанова

Казакстанда кармалган "Дикий Арман" каймана аты менен таанылган крим төбөл делген Арман Жумагелдиев кыргыз модели Айкөл Аликжанованын күйөөсү. Бул тууралуу интернет колдонуучулары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Арман Жумагелдиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 2021-жылдын 25-ноябрында Мариям-Медина аттуу кыздуу болгонун жазган. Ал эми, Айкөл Аликжанова бул билдирүүнүн астына билдирүү калтырган.

Аликжанова 28-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дагы Мариям-Медина аттуу кыздуу болгонун жазган.

Социалдык тармактаын колдонуучулары жубайлар Стамбул шаарында жашаарын жазышты.

Айкөл Аликжанова модель жана актриса. Ал 2014-жылы "Мисс Кыргызстан" наамын жеңип алган.

Арман Жумагелдиев 7-ноябрда Казакстандан кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД