Быйыл борбор калаада 15 мектеп куруу пландалууда

Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектеп, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустары курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров шаардык мэрияда жумушчу кеңешме өткөргөн.

Анда шаар мэри Айбек Жунушалиев 15 мектепти, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустарын куруу сунушталганын айткан.

"Бул милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Балдар заманбап мектептерде, эртеңки күндүн талабына жооп берген мектептерде окушу тийиш. Бул окуу жайларда сапаттуу билим алышып, өлкө келечегин түзгөн муун калыптанышы керек. Мектептик билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маанилүү", - деди Жапаров.

Ошондой эле эки автожолдун жана сквердин курулушу боюнча долбоорлор сунушталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД