Медицина кызматкерлери, министрликтердин жана ведомстволордун кызматчылары жапырт түрдө коронавируска ПЧР-тесттерди тапшырышууда. Мындай чечим COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан илдетке чалдыккандардын саны өсүп жаткан шартта түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.
Бүгүн, 10-январда, Саламаттык сактоо министрлигинде
жалпы 57 кызматкер экспресс-тестирлөөдөн өтүштү.
"Азырынча жамааттан ооруну жугузуп алгандар аныкталган жок. Кызматкерлердин арасынан кимдир бирөөсүнөн аныкталса, ал жана аны менен байланышкан адамдар обочолонот. Ден соолугунун абалына жараша ага тиешелүү дарылоо дайындалат", - деди КР ССМнын Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова.
Ошондой эле анын айтымында, министрликтин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөнүн бустердик дозасын алышууда. Эмдөө – ооруну алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири. Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн эмделүү зарыл.