Алматыда дагы бир полковник жүрөк оорусу кармап каза болду

Казакстандын Алматы шаарындагы Түрксиб райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, полковник Танат Назановдун жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал иш ордунда жүрөгү оорусу кармап каза болгон.

Танат Назанов өмүр бою ыкчам бөлүмдөрдө иштеп, буга чейин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеп келген.

Буга чейин Казакстандын Жамбыл облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жанат Сулейменов ага карата кылмыш иши козголгондон кийин өз жанын кыйгандыгы кабарланган. Көп өтпөй эле Нур-Султан шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибраев көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштап каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД