Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2021-жылдын 22-декабрь күнү Москва районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө улгайган аялды белгисиз бирөө алдап кеткендиги тууралуу мааламат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери чыгышкан. Ал жерден улгайган аялдын кызы К.З. милиция кызматкерлерине арыз жазып, 2021-жылдын 22-декабрь күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында 1929-жылы туулган апасы Ч.М.дин улгайган абалынан пайдаланып белгисиз бирөө өзүн ашкана буюмдарын сатуучу караты тааныштрып, үй ээсинин 17 миң сомун алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1985-жылы туулган П.П. аттуу башка өлкнүн жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Эгерде кимде-ким жогорудагы жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине байланышсаңыздар болот. Чүй ОИИББнын нөөмөт бөлүгү 0312 43 01 27, Москва РИИБдүн нөөмөт бөлүгү 0312 60 77 27, 03131 5-21 31 же 102 номерине.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД