Акылбек Жапаров кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөөнү өтүндү

Кечээ, 10-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун ордуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз онлайн сессиясына катышты. Анда ал Казакстандагы окуяларга тиешеси бар делген кыргыз жарандары тууралуу ачык жана акыйкат иликтеп берүүнү суранды.

Анын айтымында, акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктардын баш аламандыкка катышкандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

"Ушундан улам ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз", -деди Жапаров.

Жапаров Казакстандагы баш аламандыкка катышкан кылмыштуу топтордун ЖККУнун чек араларынан өтүп кетүү коркунучу бар экенин да эскертти.

Буга чейин Казакстандын полициясы тополоңго тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айткан. Бирок кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Кыргызстандын Казастандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД