Кыргызстандыктарды Казакстандан эвакуациялоо башталды

Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоону уюштуруп баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Консулдуктун маалыматы боюнча, учурда Казакстандан чыгуу ниетин билдирген 30га жакын кыргызстандык бар.

"Кыргызстандыктар жер үстүндөгү транспорт менен ташылат. Биз абалды көзөмөлдөп жатабыз. Эгер дагы эвакуация талап кылынса, биз уюштурабыз", - деп түшүндүрүштү консулдук.

Маалыматта белгиленгендей, чогултуу 11-январь күнү саат 10:00дө консулдуктун имаратында болуп өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД