Казакстандагы баш аламандык учурунда кармалган "Дикий Арман" каймана аты менен таанылган крим төбөл Арман Жумагелдиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Нур-Султан шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту шектүү Арман Жумагелдиевге ("Дикий"Арман") карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын бекитти. Тергөө иштери ачыкка чыкпайт", - деп жазылат маалыматта.
Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстандан кармалган. Андан кийин анын кыргыз модели жана Айкөл Аликжанованын күйөөсү экендиги айтылган.