Ашхабадда нанга кезекке тургандар көбөйдү

Түркмөнстанда ун жана нан тартыштышы курч көйгөй бойдон калууда. Ашхабаддагы азык-түлүк дүкөндөрүндө таң эртең менен нанга кезекке тургандар көбөйдү.

"Көптөгөн кишилер негизинен нан менен азыктанууда. Чай нан менен, маргарин нан менен. Түркмөнстандагы айлык акы мындан көп нерсеге жетпейт", - деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Бул арада жаңы жылдан бери калкка жеңилдетилген баада берилген азык-түлүктөрдүн тизмеси кыскарды. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы ушул тапта бир айга тооктун эки саны жана жумуртка гана берилип жатканын маалымдады.

Түркмөнстандын облус борборлорунда азык-түлүк товарларынын саны кескин түрдө кыскарды. Аймактарда болсо субсидияланган товарлар бир нече айдан бери сатыла элек.

Өлкөдө азык-түлүктүн баасы кымбаттоодо.

Түркмөнстанда долларга карата катаал саясат сакталууда. Маяна, пенсия, жөлөк пул жана жашоо минимуму расмий курс менен эсептелет.

Түркмөнстандын Борбордук банкы 7 жылдан бери улуттук валютанын расмий курсун өзгөрткөн жок: 3,5 манат 1 долларга тете. Ошол эле маалда көмүскө базарда алмаштыруу курсу алты эсеге жогору. Жыл башында доллардын наркы дагы көтөрүлдү.

Түркмөнстан президенти 2022-жылдын 1-январынан тартып маяна, пенсия, жөлөк пул жана стипендияны көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, минималдык айлык акы 1050 манат өлчөмүндө болору күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД