Бишкекте Горький көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө бурулууга болбойт

Милициянын кайгуул кызматыныны басма сөз кызматы айдоочуларга эскертүү таратты:

Ага ылайык, мындан ары Максим Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик Баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт.

Буга чейин Жукеева-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып, Максим Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду оңдоп түзөө иштери болгондуктан ошол тилке убактылуу жабылган. Ошого бойланыштуу жол тыгындарынын алдын алуу максатында Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик Баатыр көчөсүнөн жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.

Эртеңден баштап, 5.15.2 жол белгиси кайра орнотулуп, айдоочулар Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда, Байтик Баатыр көчөсүнөн солго бурула албайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД