Бишкекте автоунаа уурдаган деп өспүрүмдөр кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаа уурдоого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-январында болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББнын "102" кызматына Чүй көчөсүндө жайгашкан уйлөрдүн биринде токтоп турган "Хонда фит" үлгүсүндөгү авто унааны уурдап айдап кетишкен деген чакыруу келип түшкөн. Бул маалымат боюнча МККБнын өздүк курамына уурдалган авто унааны кармоо боюнча багыттама берилген.

Берилген багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен "Хонда Фит" үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги 2005-жылы туулган Н.А., 2005-жылы туулган Ж.Б, жана 2006-жылы туулган Ш.Р. аттуу жарандар унааны уурдап айдап бара жаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмышка шектүү жарандар андан ары чара көрүү үчүн, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД