Кызыл-Кыяда аткезчилик жол менен тамеки ташып келген жаран кармалды

Кызыл-Кыяда аткезчилик жол менен 700 миң сомдук тамекини алып келген жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оперативдүү бажынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Ф.Н.А. аттуу кыргызстандыктын башкаруусунда Hyundai Porter автоунаасын токтотушкан.

Автоунааны кароонун жүрүшүндө Тажикстандын акциздик маркасы менен Parliament Aqua Blue жана акциздик маркасы жок ESSE CHANGE W соода маркасынын фильтрлүү тамекилери – товарлар кармалган. Саны 139 миң 800 даана. Товардын жалпы наркы 699 миң сом.

Аталган факт Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД