Кыргыз жарандары айдоочулук күбөлүгүн эми чет өлкөдөн да алмаштыра алышат

Чет жерде жүргөн мекендештер айдоочулук күбөлүгүн мындан ары өзү жашаган аймактагы Кыргызстандын консулдуктарынан, элчиликтеринен эле алмаштырып алышса болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул мүмкүнчүлүк 17 январдан тарта ишке ашат. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу төмөнкү негизде жүргүзүлөт:

* айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтү бүтсө;

* күбөлүктүн ээси жеке маалыматтарын өзгөртсө;

* күбөлүк эскирип кетсе же бузулуп калса;

* күбөлүктү жоготуп алса.

Буга чейин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргызстанда гана жүргүзүлүп келген.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында чет өлкөдөгү Кыргызстандын бардык өкүлчүлүктөрүндө "Айдоочулардын реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы (АИС) орнотулган. Бул консулдуктун кызматкерлерине айдоочулук күбөлүк үчүн керектүү документтерди электрондук түрдө кабыл алууга да шарт түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД