Бишкекте "каргашалуу июль" курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Улуттук тарых музейинде "каргашалуу июль" курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело, ошондой эле өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Сүрөт көргөзмө COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан уюштурулган. Бул иш-чара курман болгондордун элесине таазим кылуу жана бардык дарыгерлерге жана кайдыгер эмес жарандарга пандемия учурунда, өзгөчө "кара июль" күндөрүндө көрсөткөн жардамдары жана жан аябас эмгектери үчүн ыраазычылык билдирүү максатын көздөйт.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан, 2020-жылдын жай айындагы кайгылуу окуяларды эстен чыгарбоо жана андан сабак алуу маанилүү. Ошондо коронавируска чалдыккандардын саны эң жогору болуп турганда, биз жүздөгөн жарандарыбызды жоготтук.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда COVID-19дан 2821 адам каза болду. Алардын ичинен жүздөн ашыгы медицина кызматкерлери.

Ч.Эсенгул уулу белгилегендей, сүрөт көргөзмө пандемиянын коркунучтарына эл кандай баа менен туруштук берип жатканын жана эмдөөнүн өтө маанилүүлүгүн кыргызстандыктардын эсине салуу үчүн уюштурулган. Анын айтымында, мындай окуялар кайталанбашы үчүн ден соолугубузга гана эмес, жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн да жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз кажет. Коронавируска каршы эң жакшы алдын алуу – бул эмдөө. Эгерде калктын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтсө, анда биз бул өлүмгө алып келген коркунучтуу вирусту токтото алабыз.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело COVID-19 менен күрөшүү али аягына чыга электигин белгиледи.

"Коронавирус пандемиясынын күч алган мезгилинин баасы канчалык болгонун баарыбыз эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Медицина кызматкерлеринин эрдигин, алардын жан аябастыгын жана кесипкөйлүгүн баалашыбыз керек. Биз ыктыярчылардын, кайдыгер эмес жарандардын жана ооруга туруктуулук менен чыдап, жакындарыбыздын сакайышына жардам берген ар бирибиздин эрдигибизди унутпашыбыз керек. 2020-жылдын оор күндөрүндө биз бүтүн бир организмдей күрөштүк. Биз бул кайратты жоготпошубуз абзел. Келечекте алдыбызда турган кыйынчылыктарга баарыбыз биргеликте жооп кайтаруубуз зарыл", - деди Озонниа Ожиело жана жарандарды санитардык эрежелерди сактоого жана эмделүүгө чакырды.

Н.Жусупбекованын айтымында, сүрөт көргөзмөдө COVID-19 илдетине чалдыккан жарандарыбызга жардам көрсөткөн медицина кызматкерлеринин сүрөттөрү коюлган. "2020-жылдагы "каргашалуу июль" Бишкек үчүн пандемиянын эң оор мезгилдеринен болгону жалпыга белгилүү. Дал ушул айда медицина кызматкерлеринин да, жарандардын да арасында адам өлүмүнүн көрсөткүчтөрү эң жогору болгон. Биздин жарандарыбыздын, ыктыярчыларыбыздын биримдигин жана ошол кезде күн-түн дебей иштеген дарыгерлердин каармандыгын дагы бир ирет белгилей кетким келет", - деп белгиледи ал.

Көргөзмө 13-январга чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД