Кыргызстандын ишкерлери кыргыз-сауд форумуна чакырык алды

24-27-февралда Эр-Рияд шаарында (Сауд Арабия) кыргыз-сауд бизнес форуму жана жарманке өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстанга инвестиция тартууну, жергиликтүү өндүрүштү жакшыртуу, Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ишкер чөйрөлөрүнүн бизнес байланыштарын арттыруу максатында өткөрүлөт.

Жатаканага, учакка кеткен чыгымдар катышуучулар тарабынан төлөнөт. Өз кезегинде уюштуруучулар стенд менен камсыз кылышат.

"Эгер сизди кызыктырса, маалыматтарды (аты-жөнү, мекемеси, кызматы, телефон номери, электрондук почтасы) 2022-жылдын 20-январына чейин elida.bazarbaeva77@gmail.com дарегине жөнөтүңүз", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД