С.Жапаров Катардын кайрымдуулук уюмунун аткаруучу директору менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда "Катар Черити" кайрымдуулук уюмунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда гуманитардык, социалдык-экономикалык жана билим берүү долбоорлору боюнча кызматташууну улантуу жана активдештирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Катар менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүп, кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин жана мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди мындан ар да жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келаткан, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткан гуманитардык чөйрөдөгү долбоорлорду жогору баалады.

Мамлекет башчысы өлкөнүн агрардык тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөргө токтолуп, алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, өзгөчө социалдык объектилерди куруу, айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу, өндүрүш иштерин жолго коюу жана башка чөйрөдө кызматташтыкты улантууну сунуштады.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Катар кайрымдуулук уюмун билим берүү долбоорлорун биргелешип ишке ашырууга үндөдү.

Тагыраак айтканда, өлкөнүн алыскы райондорундагы мектеп окуучулары үчүн маалыматтык технологияларды, англис жана араб тилдерин үйрөтүүчү борборлорду ачып, аларды зарыл болгон техникалык жабдуулар менен жабдып, интернет байланышы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД