Бүгүн, 12-январда депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн карап жатат. Буга чейин парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, төрагалыгына Султанбай Айжигитов дайындалган.
Комиссиянын төрагасы спикердин үч орун басары, 8 комитет сунушун берип, түзүм 47 добуш менен кабыл алынды.
Комиссия берген түзүмгө ылайык, төмөнкү комитеттер түзүлөт:
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти;
Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргонуу, сырткы маселелер жана этностор аралык мамилелер;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү;
Социалдык саясат, социалдык камсыздоо, үй-бүлө, жумуш менен камсыз кылуу, маалыматтык саясат, мамлекеттик тил жана дин саясаты;
Өнөр жай саясаты;
Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш;
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат.
Укук тартиби, кылмышка, коррупцияга каршы күрөшүү комиети.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар депутаттар комитеттердин аталаштарын өзгөртүүнү сунушташууда.