Лифттеги окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

Улан-1 кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адам каза болгону белгилүү болоору менен "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын жетекчилери жана КРнын Энергетика министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциянын өкүлү ал жакка барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар келгенге чейин лифтчи-оператор инструкцияга ылайык лифттин тогун өчүрүп, жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн электромеханикти чакырган.

Кырсыкты иликтөө жол-жобосуна ылайык, борбор калаанын мэриясы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына "Бишкешаарлифт" муниципалдык ишканасынын, Октябрь акимиатынын, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана РИИБнин өкүлдөрү кирди.

Комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен экспертизанын корутундусун даярдайт.

Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД