Улуттук борбор Казакстанда кармалган кыргыз жарандары боюнча БУУга кайрылат

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы улуттук борбор Казакстанда кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо жана кыйноолорду алдын алуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине кайрыларын маалымдады.

Улуттук борбор БУУнун атайын баяндамачысына кыйноо боюнча билдирүү жөнөтөрүн белгилейт.

10-январда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Координациялык кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы окуяларда күч кызматкерлери тарабынан кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо боюнча маселе каралды. Жыйындын соңунда Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинетине Казакстанда кармалган кыргыз жарандары боюнча мекеме аралык комиссия түзүү сунушу жөнөтүлдү.

Ага Улуттук борбордун өкүлдөрү менен медкызматкерлерди кошууну суранышууда. Алар "Стамбул протоколунун" принциптерине ылайык, кыйноонун издерин документке түшүрүшмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД