Жогорку Кеңеште 12-январдагы жыйынында түзүмү тууралуу маселе каралды. Анда сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты. Эми бул маселе парламенттин түштөн кийинки жыйынында каралып, добушка коюлат.
Комитеттердин тизмеси:
* Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
* Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
* Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
* Финансы-экономикалык саясат комитети;
* Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
* Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
* Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
* Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети.
Сессиянын түшкө чейинки бөлүгүндө комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу жаралды.
Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.