Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы катталды

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти

Маалыматка караганда, омикрон штаммы эки адамдын анализинен аныкталган.

Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктуруп алуу учурлары көбөйүп жатат. Акыркы бир суткада коронавирусту 465 адам жуктуруп, беш айдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Бир күндө эки киши оорудан көз жумду.

"Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча секвенирлөө жүргүзүштү. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынган жана эки бейтаптан омикрон-штаммы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД