COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскарды

COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскартылды. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны вакцинанын 2-дозасынан кийин 4 айдан соң ала алышат. Мурда бул аралык 6 ай болгон.

Мындай чечим КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынды.

"Вакцинанын бустердик дозасын 2021-жылдын 20-декабрында киргизишкен. Жаңы жыл майрамынан кийин эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда. Буга байланыштуу биз жаш курагы 60тан жогору жарандарды, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин бустердик дозаны алууга чакырабыз", – дейт КР ССМнын Иммундук алдын алуу борборунун директору Гульбара Ишенапысова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД