12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык Кыргыз Республикасы сары зонада, ал эми Бишкек шаары кызыл зонада турат. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Буга байланыштуу:
- калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу;
- коомдук жайларда (өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында ж.б.) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;
- чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө омикрон штаммы эки адамдын анализинен аныкталганын билдирген.