Жогорку Кеңештин үч вице-спикери шайланды

Бүгүн, 12-январда депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн карап жатат. Буга чейин парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Төраганын үч орун басары кызматына төрт депутат сунушталган болчу.

Жамиля Исаевага 74 депутат , Нурбек Сыдыгалиевге 74 депутат, ал эми Нурланбек Азыгалиевге 38 депутат "макул" деп добуш берген. Ал эми Улан Примов 59 добуш алган.

Ошондой эле бир депутат баарына каршы добуш берген.

Добуш берүү бюллетень салуу жолу менен өттү.

Добуш берүүгө 87 депутат катышып, 2 бюллетень жараксыз болуп, 3 бюллетень керектен чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД