Эртең борбор калаада эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталат

Эртең, 13-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мелдеш 13-14-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Спортчулар 57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 79, 86 кг, 92 кг, 97 кг, 125 кг салмакта күч сынашат.

Өлкө чемпионатынын максаты - эркин күрөштү жайылтуу, Кыргызстандын курама командасынын Азия чемпионатына жана башка эл аралык мелдештерге катышуу үчүн тандап алуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД