"Коопсуз шаар" киргизилгенден кийин бюджетке 1,7 миллиард сом түштү

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырыла баштагандан бери, сот жообуна тартуу боюнча 2 миллион 367 миң чечим чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы сумманын 1 миллион 561 миң чечими төлөндү.

"Бюджетке 1 миллиард 721 миллион 716 миң сом түштү. Айыптардын өлчөмүн кыскартуу бюджеттен 367 миллион сом чыгымга алып келет ", – деп түшүндүрдү Иманалы Саркулов.

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда депутаттар "Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карашты. Документ өкмөт тарабынан депутаттардын кароосуна жиберилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД