Казакстан картошка, сабиз жана мал экспорттоого тыюу салды

Казакстан картошка, сабиз жана мал экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Zakon.kz сайты жазды.

Чечимди 10-январда Айыл чарба министрлиги Каржы министрлиги менен биргеликте кабыл алган. Ага ылайык, казакстандыктар үч айга чейин картошка менен сабизди, алты айга чейин малды сырткы өлкөлөргө сата алышпайт.

Бул чечим бааны турукташтыруу, ички тартыштыкты жоюу максатында кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Чечим 22-январдан тарта күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД