Кадамжайда жылдын мыкты аймактык бөлүмчөсү аныкталды

Кадамжайда жылдын мыкты аймактык бөлүмчөсү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө 2021-жылды жыйынтыктаган жыйналыш болуп өттү. Кадамжай район аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштери талкууланып, бир жылдык иштерине баа берилди.

Жыйынга Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев, Кадамжай РИИБнин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев жана айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты.

Кадамжай район аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо, тартип менен мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөп, катталгын кылмыштарды өз учурунда бетин ачып ийгиликтерге жетишкен "Р.Нийматов" атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү "МЫКТЫ АЙЫЛДЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮ" деп табылды.

Ал эми криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу опер кызматкери милициянын улук лейтенанты Алихан Нарынбаев, тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын лейтенанты Тыныбек Ирисов, Уч-Коргон АМБнүн милициянын участкалык уполномоченныйы милициянын капитаны Гулмурза Кабылов, "Р.Нийматов" атындагы Айдаркен АМБнүн балдар иштери боюнча улук участкалык инспектору милициянын улук лейтенанты Умарбек Абдужалилов, нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор нөөмөтчүсү милициянын капитаны Шайырбек Имамидинов, коомдук коопсуздук кызматынын коштомо күзөт тобунун коштомо күзөтчү милиционери милициянын улук сержанты Ырысбай Акматбековтор өз кесибинин мыктысы болуп, сыйлыктарга жетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД