Ат-Башы милициясы окуучуларга кышкы экскурсия уюштурду

Ат-Башы милициясы окуучуларга кышкы экскурсия уюштурду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан орто мектептин окуучуларына январь айындагы кышкы эс алуу каникул убагында ар кандай мыйзамга каршы көрүнүштөрдү алдын алуу максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен окуучуларга Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу Таш-Рабат, Кошой-Коргон тарыхый этнографиялык баалуулуктарды жана музейди көрсөтүү менен эс алуу учурунда жакшы маанай тартуулашты.

Ошондой эле балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору Ат-Башы айылындагы "Кызыл-Бурч" стадионунда жайгашкан муз тебүүчү жайга да окуучуларды алып келип эс алдырып кетишти.

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка, ар кандай укук бузуучулукка жол бербөө максатында бир катар иштер аткарылып жатат жана дагы да иш-чаралар уюштурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД