Кыргыз-эмират ишкерлер кеңешин түзүү пландалууда

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы, Абу-Даби Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдулах Мохамед Аль Мазруи жолугушту. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КРнын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э. Батаева да катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр Федерациясынын ортосунда кыргыз-эмират ишкерлер кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу маселелери каралды.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөлөрүнүн катышуусунда өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД