Тынчтык орнотуу үчүн кеткен кыргыз аскерлери качан келе турганы айтылды

Эртең, 14-январда Казакстанга ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуу үчүн жөнөтүлгөн аскерлер өлкөгө кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскер контингентинин учагы Алматыдан Токмок шаарындагы туруктуу жайгаштыруу пунктуна конот.

Казакстандагы нааразылык акциялары башаламандыктар менен коштолуп, абал курчуган учурда Кыргызстандын 150 аскер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Алматы шаарына жиберилген. Алар маанилүү стратегиялык объект – ЖЭБ-2ни күзөтүп беришти.

Буга чейин ЖККУнун баш катчысы Станислав Зас Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрү 10 күндүн ичинде Казакстандан чыгып кетерин билдирген. Аскерлерди чыгарып кетүү бүгүн, 13-январда саат 14:00дөн тарта башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД