Жол эрежеси бузулганына күбө болдуңузбу? Милицияга билдирип коюңуз

Милициянын кайгуул кызматына "102" линиясынан сырткары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күнүнө 130га жакын ар кандай кайрылуулар келип түшөт. Алардын 80 пайызына өз убагында жооп берилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматы жарандар менен тыгыз иштешүү жана коомдогу терс көрүнүштөргө чара көрүү боюнча ыкчам аракет кылуу максатында атайын социалдык баракчаларды ачкан. Мына ошол соц. тармактар аркылуу жарандардан туура эмес токтогон авто унаалар, жол тыгындары, ар кандай багыттагы жол эрежелерин бузуулар боюнча күнүнө орто эсеп менен 130 дан ашуун кайрылуулар келип түшөт. Алардын 80 пайызына өз убагында чара көрүлүп, кайрадан жарандарга жооптору басма сөз кызматы тарабынан жөнөтүлөт. Калгандарына да чара көрүү боюнча иштери улантылат.

Милициянын кайгуул кызматынын расмий баракчаларына:

-upsm_kg аталышандагы инстаграм баракчабызга орто эсеп менен күнүнө 70 тан ашуун кайрылуу келип түшөт;

- Фейсбук баракчабызга 15ке чейин кайрылуу келип түшөт;

- upsm.kg@gmail.com жана upsm.online аттуу почтабызга 10го жакын кайрылуулар келип түшөт.

Ошондой эле 0509 102 122 номурлуу "WhatsApp" номурубузга күнүнө 40 ка жакын кайрылуулар келип түшөт.

Социалдык сайттар аркылуу жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын баарын МККБнын басма сөз кызматы талдоо жүргүзүп, кеңсе аркылуу расмий түрдө каттатып, жетекчиликтин макулдугу менен тийштүү чаралар көрүлүп, кайрадан коомчулукка өз убагында жооб берилип келет. Кайрылуулардын көпчүлүгү жол эрежелерин бузган авто унааларга чара көрүү боюнча.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД