Дарыгер: "Омикрондо" баш өтө катуу ооруйт

"Омикрон" классикалык коронавирустан инкубациялык мезгилинин кыскалыгы менен айырмаланат. Бул тууралуу Эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Султан Суранбаев "Маралдын" эфиринде билдирди.

Классикалык коронавируста оору жуккандан баштап, биринчи клиникалык белгилери пайда болгонго чейин 8-14 күн өтүп келсе, "омикрондо" 3 күндөн кийин эле симптомдору билинет.

"Омикрондо" биринчи үнү бүтүп, кырылдай баштайт, тамагы кычышат. Андан кийин уусу бат тарагандыктан, алсыроо, шалдыроо келип чыгат. Үчүнчү симптому бүткүл дененин булчуңдарынын, өзгөчө бел булчуңдарынын оорушу. Мурунку коронавирустай эле мында да дене табы көтөрүлөт, кургак жөтөл, түнкү тердөө болот. "Омикрондун" эң башкы айырмасы - баштын өтө катуу оорушу", - дейт ал.

Омикрон иммундук системасы начар кишилерди бат жабыркатат. ВИЧ, СПИД менен ооругандардын баары өтө оор көтөрүшүп, алардын арасында өлүм көп катталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД