УКМК: Курал-жарак жана ок-дары сакталган жай аныкталды

Чүй облусунун Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү бир нече ондогон ок-дары сакталган жер табылды.

УКМКнын алдын ала маалыматтары боюнча, курал-жарак, ок-дары, жардыргыч заттар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгенин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Аны укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД