Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды (тизме)

12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларын шайлоо маселеси талкууланды. Алгач депутаттар бүткүл комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.

Анын жыйынтыгы менен:

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине Медербек Алиев;

Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитетине Жанарбек Акаев;

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине Аманкан Кенжебаев;

Социалдык саясат, социалдык камсыздоо, үй-бүлө, жумуш менен камсыз кылуу, маалыматтык саясат, мамлекеттик тил жана дин саясаты комитетине Динара Ашимова;

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине Азизбек Турсунбаев;

Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине Бактыбек Сыдыков;

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетине Данияр Төлөнов;

Укук тартиби, кылмышка, коррупцияга каршы күрөшүү комитетине Сүйүнбек Өмүрзаков төрага болуп шайланышты.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда комитеттердин курамы такталып, орун басарлары шайланат. Төрага жыйын саат 14:00дө башталарын эскертип өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД