Кызмат өтөөдө көз жумган ЖАК кызматкерлеринин балдарына стипендия берилди

Кызмат өтөө учурунда каза болгон ЖАКнын кызматкерлеринин 10 баласына алгачкы стипендиялар берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгачкы стипендиялар КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин 10 баласына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта ЖАКнын кызматкерлеринин балдары мектепти аяктаганга чейин ай сайын 1000 сомдон стипендия алышат.

Жаза аткаруу тутумунун кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү долбоору кайрымдуулук жана коомдук фонддордун жардамы менен ишке ашырылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД