COVID-19 жуктурган учур эмне үчүн кескин өсүп кеткен?

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын кескин өсүшү Жаңы жылга карата майрам күндөрүнүн алдындагы адамдардын байланышынын көп болушуна, майрамда эл көп топтолгон – корпоративдик кечелер, үй-бүлөлүк жолугушуулар себеп. Ошондой эле социалдык аралыкты, беткап тагынуу режимин сактабагандык, эл көп чогулган жайларда чектөө чараларын жеңилдетүү, медициналык жардамга кеч кайрылуу жана оору боюнча абал начар өлкөлөрдөн келген мигранттардын кайтып келүүсү шарттады. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 937 учурда оору жеңил түрдө өтүп жаткан жана инфекцияны алып жүрүүчүлөр өз туугандарынын, жакындарынын жана кесиптештеринин арасында ооруну жугузуулары мүмкүн. Жаңы учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында аныкталууда, мында эмдөө менен камтуу деңгээли өтө төмөн. Борбор калаа бүгүн "кызыл зонада" турат.

"Коронавирус инфекциясына чалдыгуунун кезектеги өсүшү тууралуу айтууда биз дүйнө жүзүндө пандемия токтой электигин унутпашыбыз керек. Мурда Саламаттык сактоо министрлиги январда эпидемиологиялык абал күчөшү ыктымалдыгы – катталган жаңы учурлардын санынын өсүшү тууралуу эскерткен.

Ооругандардын санынын өсүшү өзгөчө Бишкекте байкалууда. Борбор калаага Жаңы жылды белгилөө үчүн бардык аймактардан адамдар келишкен. Ошондой эле ПЧР-тесттердин оң жыйынтыктары чет мамлекеттерден, Россиядан, Канададан, Дубайдан жана башка өлкөлөрдөн келген адамдардан аныкталууда", - деп белгиледи ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД