COVID-19 жуктургандардын орточо жаш курагы айтылды

Калк арасында коронавирус илдетине чалдыккандар негизинен 18 жаштан 39 жашка чейинкилер. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Башкача айтканда, адамдар көп топтолгон жерлерге активдүү барган калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү. Ооругандар да муну ырасташууда.

"Талдоо көрсөткөндөй, белгилүү бир инкубациялык мезгилден кийин коомдук жайларга баруу ооруну көбөйтөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөргө ылайык жаңы жылга даярдануу учурунда көптөгөн бейтаптар ири соода борборлоруна, базарларга, кафе, ресторандарга барышып, көп сандаган конокторду тосушуп, өздөрү да мейманга барышкан. Инкубациялык мезгил 25-декабрдан 31ине чейин уланган. Биринчи төрт күндө ооругандар үйлөрүндө болушуп, Жаңы жылды белгилешет, өздөрүнөн оорунун белгилерин байкашкан эмес. Белгилер күчөгөндөн кийин медициналык жардам сурап кайрыла башташкан. Мониторинг медициналык мекемелерге ооругандан кийин 5-10-күнгө кеч кайрылууну көрсөтүүдө", - деп билдирет Айнура Акматова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы ооругандардын ичинен 10дон 20га чейин адам эмделгендер, калгандары вакцина алышкан эмес. Эмделгендерде оору жеңил өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД