COVID-19 оорусунун өсүшүн кантип токтотуу керек?

"Урматтуу жарандар, өтүнөбүз, эмдөөгө келиңиздер. Өлкө боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө жайлары иштеп жатат. Бишкекте 90го жакын убактылуу эмдөө жайлары бар, алар соода борборлорунда жайгашкан. Вакциналар жетиштүү, тандасаңыздар болот: Pfizer, Moderna, AstraZeneca, "Спутник Лайт". Эмдөөдөн коркпоңуздар, вакцина олуттуу кыйынчылыктарга алып келери тууралуу мифтерге ишенбеңиздер.

Эмдөөдөн кийин пайда болуучу терс таасирлерин – дене табынын анча жогору эмес көтөрүлүшүн, чарчоо, баш ооруну коронавирустун өзүнүн кесепеттери менен салыштырууга болбойт. Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!", - деп чакырат коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова.

Эмдөөдөн тышкары:

- эл көп чогулган жерлерден алыс болуңуз

- беткап тагынууну унутпаңыз

- беткапты 2-3 саат сайын алмаштыруу

- колду жууп, дезинфекциялоо

- 1 метр аралыкты сактоо

- имараттарды желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүңүз (үйдө жана кеңселерде).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД