Масимовдун үстүнөн бийликти басып алуу боюнча да кылмыш иши козголду

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын экс-жетекчиси Карим Масимовдун үстүнөн бийликти басып алуу боюнча да кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы маалымат таратты.

Белгилей кетсек, мурда карим Масимовго мамлекетке чыккынчылык кылган деп айып тагылып, кармалган болчу.

Масимовдон сырткары бул кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарлары – Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожин да кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД