Назарбаевдин кызы Алиянын Дубайда экендиги белгилүү болду

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Instagram баракчасына өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча пост жазган. Анда ал өлкөдө болгон кайгылуу окуяларга кайгырып жатканын, атасына колдоо көрсөтүп кат жазгандарга ыраазычылык билдирерин жазган болчу.

Кызыгы, окурмандар анын инстасын аңтарып отурушуп, "Аккаунт тууралуу маалыматтар" бөлүмүнөн кызыктуу маалымат таап чыгышкан.

Андагы маалыматка ылайык, Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Дубайда болуп чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД